• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Штаб мечиттердин ишин жандандырууга уруксат берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.20./Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин жүрүшүндө өлкөнүн бир катар облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

undefined

Ошондой эле кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы угулду. Ведомство жетекчиси тарабынан комитеттин дарегине жарандардан мечиттердин ишин жандандыруу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келип түшкөндүгү белгиленди. Ошондой эле белгиленгендей, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний мекемелердеги тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоо боюнча милдеттенмени өзүнө алууга даяр.

Талкуу жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте кыска мөөнөттө тийиштүү санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну, андан соң иштелип чыккан алгоритмге ылайык санитардык-гигиеналык нормалардын так сакталышын эске алуу менен диний мекемелердин ишин жандандырууга уруксат берүү жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Алмазбек Баатырбеков штаб тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген тапшырмалардын сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий