• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Медицина кызматкерлери тарабынан көтөрүлгөн маселелердин жана даттануулардын бардыгы дыкат изилденет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлери көтөргөн маселелердин жана даттануулардын бардыгы дыкат изилденип, кемчилдиктерди жоюу боюнча тапшырмалар берилүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин жер-жерлердеги санитардык дарыгерлери жана координаторлору катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө COVID-19 каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселелери талкууланды. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматында, бүгүнкү күндө жеке коргонуу каражаттарынын зарыл саны бар, ошондой эле Бишкектен медицина буюмдары жана коргонуу каражаттары ташылып бара жатат.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен түшкөн даттануулар тармактык мамлекеттик органдардын жана айрым мекемелердин жетекчилеринин жетишсиз ишинин күбөсү экендигин белгиледи.

«Медицина кызматкерлеринен түшкөн ар бир даттануу териштирилип, кемчилдиктерди четтетүү боюнча тапшырмалар берилип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун акимдери менен биргеликте инфекция чыккан жерлерде иштеген жана коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон ар бир дарыгердин, медицина кызматкеринин коргоо кийимдери менен жетиштүү көлөмдө камсыз болушун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө тийиш. Жергиликтүү бийлик органдары илдетти жуктурууга жол бербөө үчүн медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун санитардык эрежелерине окутуу иштерин көзөмөлгө алсын», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Анын айтымында, жакын арада COVID-19 каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине арналган уюлдук тиркеме иштеп баштайт. Тиркеме аркылуу алар өздөрүнүн суроолорун беришип, Республикалык штабга иштеги кыйынчылыктар, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары жана башка керектөөлөр менен камсыздоо маселелери тууралуу билдире алышат.

Кубатбек Боронов жергиликтүү бийлик органдарына муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүүнү катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.

Ал тармактык кызматтарга, жергиликтүү бийлик органдарына үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын алдын алуу маселесине көңүл буруу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, донордук уюмдардан 63 жасалма дем алдыруучу жабдуу алуу боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстанга19-апрелде Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келишет. Алар окутуу жүргүзүп, дарыгерлерге кеңеш беришет.

Саламаттык сактоо министрлигине эки күндүк мөөнөттө март айы үчүн өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү төлөөнү аяктоо тапшырылды.

Тармактык мамлекеттик органдарга Бишкек жана Оштогу медицина мекемелерин, обсервациялык жайларды жарандарды кабыл алууга даярдоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий