• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Медициналык кызматкерлерге миң даана коргоочу костюм берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Медициналык кызматкерлерге 1 миң даана коргоочу костюм берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүүдө "Апаатка такаат" социалдык долбоордун алкагында уюшулган ишкерлердин JIA Бизнес-ассоциациясы "Элим, барсыңбы?" фонду менен биргеликте медиктерге коргонуучу костюмдарды беришти.

Костюмдар Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: беткап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.

Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 млн сом чогултулган. Жеке коргоочу каражаттар республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий