• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Мекендештерди өлкөгө кайтаруу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Мекендештерди өлкөгө кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов чет өлкөдөгү кыргызстандыктар менен иш алып баруу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү 4 миң ашуун жаран Кыргызстанга кайтууну каалашууда.

«Дүйнөдө коронавирус жайылган учурдан тартып Кыргызстанга ТИМдин жана башка мамлекеттик органдардын аракеттешүүсү аркылуу жалпысынан 6767 кыргызстандык өлкөгө кайтарылган», - деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, башка мамлекеттерден мекендештерди кайтаруу иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлүп, аларды өлкөгө алып келүү жолдору жана каттамдары изделүүдө.

«Жарандарыбызды ташуу үчүн коммерциялык чартердик рейстер уюштурулууда. 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, 22-апрелде Новосибирсктен 176 жаран келген. 24-апрелде Стамбул-Бишкек каттамы менен 351 адам учуп келди. Чартердик каттамдарды уюштуруу пландаштырылган, бир катар башка өлкөлөрдөн жарандарыбызды кайтарып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатабыз», - деди Нурлан Абдрахманов.

Жыйындын жүрүшүндө лабораторияларды тест-системалар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Саламаттык сактоо министрлигине, Тышкы иштер министрлигине тест системаларын сатып алуу жана өлкөгө жеткирүүнү уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылды.

«Мен буга чейин белгилегендей, тест системалардын запасы бизде дайым болушу керек. Бул боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүү кажет. Лабораториялар толук кандуу иштөөгө тийиш. Жакынкы мезгилде 49 конуштун, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларын текшерүү, зарылдыгына жараша тест алуу башталат. Мындан тышкары биз жаңы аба каттамдарды күтүүдөбүз. Бардык тармактык кызматтар толук даяр турушу шарт, эч кандай катачылыктар жана иштеги жетишсиздиктер болбоого тийиш», - деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий