• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: Москвадан 378 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Москвадан 378 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17майда «Манас» эл аралык аэропортунда «Аэрофлот» авиакомапаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты

«378 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. КР өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ Москвадан 161 кыргыз жараны Бишкекке учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий