• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Штаб: Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар жаңы оорукананын жер иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы эксперименттик тез чыгарылуучу жугуштуу оорулар оорукананын куруу боюнча даярдоо жана жер иштери башталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде имараттын пайдубалдын негизин куруу үчүн чуңкурлары казылып жана фундаменттин таманына пайдаланыла турган шагылдуу топурактар тартылып келинип жатат. Ошондой эле долбоордун натурага чыгаруу боюнча иштер аткарылды.

Мурда белгилүү болгондой, 70 орунга эсептелген жаңы имараттын курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.

Долбоор боюнча бул саламаттык сактоо объектиси бир кабаттуу болот, анын узундугу 73 метр, туурасы 28 метр түзөт. Имаратты куруу үчүн Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий