• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: "Неман" гепарин дарысынын партиясын алып келди, баасы 443 сомдон

Ден соолук 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. "Неман-Фарм" мамлекеттик органдардын жардамы менен COVID-19 вирусунун симптомдорун дарылоо үчүн гепарин дарысынын партиясын алып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, гепарин алгач "Неман" дарыканасынын Бишкектеги кампасына бүгүнкү түнү алынып келинген. Бүгүн дармек аптеканын бардык филиалдарына жеткирилди. Дары 443 сомдон бир адамга бир эле упаковка менен сатылууда.

Фармкомпаниянын айтуусунда, керектүү дары-дармектерге дефицитти болтурбоо үчүн бардык күчтөр жумшалууда.

Эгерде дары-дармектердин баасын ашырып саткан учурлар болсо, Финансы полициясына 1955 кыска номери аркылуу билдирүү калтырсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий