• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү, бирок эпидкырдаал курч бойдон калууда

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу коронавируска каршы Республикалык штаб жалпы кыргызстандыктарга кайрылат:

"Урматтуу мекендештер,

Өлкөдө эки күн катары коронавирус инфекциясынын жана өпкө оорусунун миңге жетпеген жаңы учуру катталды. 25-июлда – 995 жана 26-июлда 973 учур. Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

Организмди COVID-19 коргоо жана оорулардын саны кайтадан жогорулабашы үчүн милдеттүү түрдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана вакцинациядан өтүү зарыл экендигин Республикалык ыкчам штаб эскертет.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин ар кандай салтанаттуу жана массалык иш-чараларды өткөрүү жана аларга баруу сунушталбайт. Менчик формасына карабастан бардык мекемелерде, жабык имараттарда, коомдук транспортто милдеттүү түрдө беткап режимин сактоо зарыл.

COVID-19 таралышынын алдын алуу, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун күчөп кетишинен сактоо, организмди алдын-ала даярдоо жана иммундук коргоону камсыз кылуунун ишенимдүү ыкмасы вакцинация болуп саналат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына COVID-19 каршы эмдөө акысыз жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 352 миң 877 адам вакцинацияланган (107 826 адам экинчи дозаны алган).

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!".

Пикир

Оставить комментарий