• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Штаб: Ош–Бишкек багыты боюнча алгачкы ички каттам тейленди. Жүргүнчүлөрдүн саны – 208

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. «Манас» аэропорту Кыргызстан боюнча туруктуу жүргүнчү ташуу авиакаттамдарын тейлөөнү жандантууда. Коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашкандай, узакка созулган карантинден кийин бүгүн, 2020-жылдын 8-июнунда, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 208.

Республикалык Штабдын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык «МЭА» ААКтын өлкөдөгү бардык ири аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынды.

«МЭА» ААК бардык жүргүнчүлөрдү сунушталган алдын алуу чараларын сактоону өтүнөт жана Кыргызстандын бардык аэропортторундагы терминалдарга кирүү коргоо беткаптары жана авибилети менен гана уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет. Бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт.

Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар.

Авиабилеттерди сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнө күн мурун кайрылуусу керек.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон. 5-майда аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматы боюнча 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган.

Пикир

Оставить комментарий