• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Штаб: Партиялар үгүт иштерин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Саясий партиялар 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет.

«Абал турукташып калды дегенибиз менен коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азыр деле катталууда. Карантин режими алына элек. Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга 50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйындын жүрүшүндө COVID-19га байланыштуу чет мамлекеттерде түзүлгөн кырдаал талкууланды.

Республикалык ыкчам штаб тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткарууну камсыз кылуу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий