• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Штаб: Президентти шайлоого жана референдумга жарандар катталган жери аркылуу гана катыша алат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штаб эми жарандар президентти шайлоого жана референдумга катталган жери аркылуу гана катыша ала тургандыгын эске салат.

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр, президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Максат Мамытканов билдиргендей, №2 форма жок болгондуктан, жарандар өздөрү паспортунда катталган дареги менен барып, шайлоо тизмесинде катталып, шайлоого катышуусу керек.

"Мурунку шайлоодогу эң чоң мыйзам бузуу дал ушул №2 формадан келип чыккан. Анын кесепетинен шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Азыркы мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо бул катачылык кайталанбайт. Бул саясий чечим", - деди Мамытканов.

Вице-премьер-министр жарандарды шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап алууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий