• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Штаб: Сутка ичинде эки медик коронавирустан айыкса, тогузунан илдет табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, - деп билдирет коронавируска каршы Республикалык штаб.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3 жана Нарын облусунда – 1 медицина кызматкеринен илдет табылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 438 учур катталды, алардын ичинен 341 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - деп айтылат штабдын маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-июнда республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 78 учур аныкталып, COVID-19 инфекциясын жуктуруу жалпы 2285 учурга жетти. Анын ичинен 438и медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1791 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий