• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Штаб: Түркиядагы кыргызстандыктар 15 даана кычкылтек концентраторун жөнөтүштү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Түркиядагы кыргызстандыктар 15 даана кычкылтек концентраторун жөнөтүштү. Алар КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, үч күндүн ичинде бул жабдыктар Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы медицина мекемелерине таратылып берилет. Аманатты "Кыргызстан достук жана маданият" коомдук бирикмесинин өкүлү Туйгун Эргешов тапшырды.

Жалпы наркы 10 000 долларлык гуманитардык жардамды Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабыл алды.

"Түркиядагы кыргызстандыктардын айтымында, бул колдоо акыркысы эмес. Алар учурда өлкөгө муктаж болгон дары-дармектерди алып келүү жаатында иш алып барууда", - деп айтылат штабдын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий