• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук онкология борборунда медик коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакын байланышта болгон медкызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар көзөмөлдө болушат.

"Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды. Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 906 учуру катталды. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий