• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Эртең, 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды. Мындай чечим бүгүн, 3-майда, облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Штабдын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.

"Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЧР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.

Облустук ыкчам штаб кабыл алынган чараларды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий