• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: Ысык-Көлдө Россиядан кайтып келген үч жаран үй карантининин шарттарын бузган

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20, /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында үй карантининин шарттарын бузган үч жаран обсервацияга алынды. Бул тууралуу облустук штабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган Соль-Илецктен келген жаран 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.

Ошондой эле 1993-жылы туулган Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.

Андан тышкары, 1995-жылы туулган Санкт-Петербургдан келген жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Учурда үй карантинин бузган бардык жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга алынды.

Пикир

Оставить комментарий