• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Өзбекстандын саламаттык сактоо системасы карантинди жумшартууга даяр

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Өзбекстандын саламаттык сактоо системасы, райондук жана облустук акимчиликтер өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдү жумшартууга даяр. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын мүчөсү, профессор Хабибулла Акилов «Өзбекстан 24» телеканалынын эфиринде билдирди.

«2-3 жума мурда жарандарды сак болууга чакырып, аларды дүрбөлөңгө түшүргөнбүз. Азыр кооптонууга негиз жок, абал көзөмөлдө. Дарыгерлер даяр, бардык керектүү жабдуулар, резервдер, ооруканаларда орундар бар. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы, райондук жана облустук акимчиликтер карантиндик чектөөлөр жумшартылгандан кийинки бейтаптардын көбөйүшүнө даяр. Ошондуктан кооптонууга негиз жок», — деди Акилов.

Ал 3-августтагы бирифингде эгер өлкө боюнча эки апта бою (15-августка чейин) бир күндүк жаңы учурлардын саны 400дөн аз болсо, карантиндик чектөөлөрдү жумшартса болорун билдирген. Акыркы эки күндөн бери бул көрсөткүч 800гө жакын болууда.

Өзбекстанда экинчи жолку карантиндик чектөөлөр 10-июлда киргизилип, кийин анын мөөнөтү 15-августка чейин узартылган. Ошол эле маалда Кашкадарыя облусунда чектөөлөр 3-августтан тарта жумшартыла баштады.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 26 550 кишиге жетти. Алардын ичинен 17 262си айыгып, 161 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий