• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Штаб: Жакында COVID-19дан каза болгондордун статистикасы кайрадан каралып чыгат

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Жакын арада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча статистика кайрадан каралып чыгат. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы типтеги коронавирус боюнча статистика ар кандай түшүндүрүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкүнү билдирет:

Статистикада төмөнкүдөй көрсөткүчтөр колдонулат: «өлүм» көрсөткүчү (mortality rate) – 1 млн, 100 миң адамга ж.б эсептелип чыгат жана «өлүм учурлары» (case fatality rate) – белгилүү бир убакыт ичинде ооруга чалдыккан адамдардын жалпы санынан белгилүү бир оорудан каза болгондордун үлүшү.

Эпидемия толук токтой элек убакта, өлүм көрсөткүчтөрү тууралуу айтуу кыйын, себеби ал ооруга чалдыккан адамдарда гана эсептелет (айыгып чыккан же каза болгон), бирок илимпоздордун алдын-ала берген божомолу боюнча өлүм көрсөткүчүнүн деңгээли орточо 2%ды түзөт.

Өсүп жаткан эпидемиянын өлүм көрсөткүчүн туура эсептөө үчүн эки олуттуу чектөөлөрдү эске алуу керек:

1. Эпидемиянын башталышында вирус жуккан учурлар көбөйүп, каза болгондордун саны бул өсүштөн 7-10 күнгө артта калат. Мындан улам, өлүм учурлары чындыгында аз болуп көрүнүшү ыктымал.

2. COVID-19 менен катталган учурларга биринчи кезекте, адам медициналык мекемеге кайрылууга мажбур болгон оор учурлары кирет. Бул тескерисинче иштейт: мындан улам вирус жуктургандардын саны төмөн болуп, өлүм көрсөткүчү жогору болот.

Жарыялануучу статистика белгилүү бир күндү жана белгилүү убакытты каттап, маалыматтар динамикалык түрдө өзгөрүп жаткандыгын белгилейбиз.

Сыпайы салыштыруу үчүн салыштыруу принцибин кармануу зарыл, ооруган учурду аныктоо ыкмасын эске алуу керек, кээ бир өлкөлөр статистиканы бириктиришти, башкалар каршы болушту – бир гана тастыкталган лабораторияны гана эсептешти. Тигил же бул өлкөнүн (өсүү, анча көп эмес, төмөндөө) эпидемиясынын кайсы стадиясында тургандыгын салыштырып эске алуу керек.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2020-жылдын 7-июнунда "Медициналык күбөлөндүрүү, оорулардын эл аралык классификациясы боюнча өлүм себебин коддоо жана COVID-19 байланышкан өлүм жөнүндө отчетторду берүү” жаңыланган сунушуна ылайык, мурда каза болгон учурлар кайра каралып чыккан. Ушуга байланыштуу жакын арада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча статистика кайрадан каралып чыгат.

Пикир

Оставить комментарий