• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: ЖКнын экс-төрагасы коронавирус жуктуруп алды, абалы оор

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал үстүбүздөгү жылдын 5-майында COVID-19 диагнозу менен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн, дарылоо оор өтүп жаткандыгы кабарланды.

"Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуккан 29 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1 миң 111 учуру катталды. Оорудан 745 адам айыкса, коронавирус жуккан 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий