• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлери Чүйдөгү санитардык постторго кызмат өтөөгө тартылды

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чүй облусунуда жайгашкан санитардык постторго кызмат өтөөгө тартылды. Бул тууралуу “Шумкар” атайын багыттагы полктун басма көз кызматы билдирди.

“4-июндан тартып Чүй облусунун аймагында жайгашкан санитардык постордо коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кызмат өтөөгө тартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Ар бир кызматкерге коргонуучу каражаттар, антисептик, кол кап, беткап, жана атайын кийимдер берилген.

Пикир

Оставить комментарий