• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Шумкар" атайын багыттагы полкуна автоунаа жана техникалык жабдуулар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына автоунаа жана техникалык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ички иштер министрлигинин атынан автоунаанын ачкычтарын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тапшырды.

Урмамбетов өз сөзүндө атайын операциялар отрядынын өздүк курамына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалап, ИИМдин атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына көрсөтүп жаткан мындай колдоо коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана кылмышка шектүүлөрдү кармоодо чоң өбөлгө болуп кызматтык абалынын сапатын жогорулатмакчы жана мындай колдоо мындан ары дагы уланаарын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий