• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамына ТИКАнын өкүлдөрү онлайн-семинар өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтчү парламенттик шайлоого карата шайлоодогу коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча 7нен 11-сентябрга чейин ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамына Түрк кызматташтык жана координация Агенттигинин (ТИКА) жааматы Түркиянын башкы коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте онлайн-семинар өткөрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, онлайн-сабакТүркиянын башкы коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүүдө. ТИКА 2007-жылдан бери "Эл аралык полиция билим берүү жаатында кызматташуу долбоорун" ишке ашырып келет. Ал эми Кыргызстанда 2016-жылдан бери кызматташууда.

Долбоордун негизги максаты - коопсуздук жаатында Түркия менен кызматташкан өлкөлөрдүн мамлекеттик коопсуздук органдары менен биргеликте иш алып барууга, полиция практикасы боюнча эл аралык стандарттарды жайылтууга, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга параллель жана координацияланган мамилени иштеп чыгууга негиз түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий