• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Шумкар” полкунун кызматкерлери адам өмүрүн сактап калууга чакырган акцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери адам өмүрүн сактап калууга чакырган акцияга катышты. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайкы, кайтарымсыз кан тапшыруу акциясы Республикалык кан борбору, Кызыл Жарым Ай коому жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова тарабынан уюштурулган.

"Адам өмүрүн сактап калууга чакырган бул акцияга кайдыгер мамиле кылбай, өз демилгелери менен ИИМдин “Шумкар” атайын багыттын полкунун туруктуу донорлору жана алгач ирет кан тапшырган кызматкерлери барышып кайтарымсыз кан тапшырышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жыл сайын 14-июнда дүйнө жүзүндө кан донорлорунун күнү белгиленет. Бул күнү австриялык иммунолог дарыгер Карл Ландштейнер туулган. Ал адамдын канын топторго бөлүштүрүү ыкмасын ойлоп тапканы үчүн 1930-жылы Нобель сыйлыгын алган.

Пикир

Оставить комментарий