• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Шумкар” полкунун кызматкерлери Бишкек милициясы менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясы менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан тарта полктун Бишкек шаарында жайгашкан №1,2-батальондордун өздүк курамы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө.

Андан тышкары, Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү максатында Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын соода бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий