• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Шумкар" полкунун кызматкерлери Самбо боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарды ээледи

Спорт 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-августунан 8-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кызыл Жылдыз Орденинин кавалери Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган Самбо боюнча эл аралык мелдеш уюштурулган.

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке атайын багыттагы полктун Жалал-Абад шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери катышып байгелүү орундарды камсыздышты.

98 кг салмакта 1-орунду милициянын улук сержанты Бекболсун Керимбеков, 88 кг салмакта милициянын улук сержанты Бектур Идирисов, ошондой эле 98 кг жогорку салмакта 2-орунду милициянын улук сержанты Кадырбек уулу Бедиярбек камсыздаса, 98 кг жогору салмакта 3-орунду милициянын старшинасы Туратбеков Бексултан камсыз кылды.

Мелдеште ийгилик жараткан кызматкерлерди рота командири милициянын подполковниги Р.Кожобеков куттуктап, кызматында жана спорт жаатында
чоң жетишкендиктерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий