• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Шумкар” полкунун кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүнө жардам беришти

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, жарандардын бейпилдигин камсыздоодо ар дайым эл менен тыгыз байланышта кызмат өтөп, өз милдеттерин кынтыксыз аткаруу менен бирге ар кандай иш-чараларда активдүү катышып, кайрымдуулук иштерин да көргөзүп келет. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,2021-жылдын 5-август күнү ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун №1-батальонунун өздүк курамы демилге көтөрүп, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Военно-Антоновка ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мекемесине барып, азык-түлүк иретинде жардам көргөзүштү.

Аталган балдар мекемеде 80ден ашуун балдар 1-класстан 9-класска чейин тарбияланып билим алышат. Өз кезегинде аталган балдар мекемесинин жалпы жааматы ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий