• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

"Шумкар" полкунун түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы "Шумкар" полкунун түзүлгөнүнө 6 жыл болду. Ага карата майрамдык иш-чара өткөнүн аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага полктун биринчи командири Жамалдин Мурзаев, 9-кызматтын атайын багыттагы башкармалыгынын башчысы Шайырбек Бердалиев, Бишкек ШИИББнин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев, Чүй облустук ИИББнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Кайрат Рахманов, Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысынын орун басары Марат Нуралиев полктун кызматкерлери жана кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чарада кызматтык милдеттерин мыкты аткарган кызматкерлер медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети - кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, өлкө аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда КР өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтому менен Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы "Шумкар" полку түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий