• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Шумкар” полкунун жетекчилиги жана өздүк курамы коронавируска каршы вакцина алды

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири А.Султаналиев өздүк курамы менен бирге коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошондой эле полктун борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Бишкек шаарында жайгашкан батальондордун, атайын операциялар отряддарынын өздүк курамы эмдөөдөн өтүштү.

"Алгач ИИМдин медициналык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматкерлердин кан басымы, сатурациясы, дене табы текшерилип, өнөкөт оорулары тууралуу маалымат такталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий