• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Швейцария Бразилия командасына биринчиликти алдырбады

Спорт 0

Бишкек, 18.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын «Ростов Арена» стадионунда Бразилия менен Швейцария курама командалары беттешти. Оюн 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюндун 20-мүнөтүндө Бразилиянын жарым коргоочусу Коутиньонун узактан тепкен тобу түз эле каршылашынын дарбазасына кирди.

2-таймдын 50-мүнөтүндө бурчтан көтөрүп берген топту швейцариялык Цубер башы менен сүзүп эсепти теңеди.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 18-июнда саат 18:00дө болуп, анда Швеция менен Түштүк Корея командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий