• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Швейцария өкмөтү Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү маселелерин чечүүгө 38 млн сом грант бөлөт

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 23-мартында Бишкекте “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен Чакан гранттар программасы конкурсунун жеңүүчүлөрү болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда Гранттык макулдашууларга кол коюу иш-чарасы өтөт. Ага Швейцариянын КРдагы Элчилигинин, КР Президенттик аппаратынын жана Өкмөтүнүн, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА), КР ЖӨБ Союзунун жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорунун маалыматтык кызматы билдирди.

2018-жылдын 15-мартында Чакан гранттар программасынын конкурсунун жыйынтыктары чыккан. Бул конкурс Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында Кыргызстандын Ош жана Нарын облустарынын бардык муниципалитеттери арасында жарыяланган. Жалпысынан конкурска эки облустун муниципалитеттеринен 121 өтүнмө түшүп, конкурстук комиссия Долбоордун критерийлерине жана талаптарына жооп берген 80 (сексен) өтүнмөнү карап чыкты.

“2018-жылы бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 000000 сомду түзөт. Конкурска түшкөн бардык өтүнмөлөр реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул көйгөйлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган коомдук угуулар жана айылдык чогулуштар маалында жергиликтүү жамаат талкуулап, артыкчылыктуу маселе катары өздөрү тандап алышкан. Көз карандысыз конкурстук комиссия долбоорлорго баа берип, жеңүүчүлөрдү тандап алган. Эми жергиликтүү кеңеш жана жергиликтүү жамаат бул долбоорлордун ишке ашырылышын тикелей көзөмөлдөшөт. Ошентип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаат муниципалитеттеги артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чогуу чечкенди үйрөнүшүп, адамдардын турмуш шартын биргелешип жакшыртышат”, – деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, КР Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун өкүлү, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрүнөн түзүлгөн Конкурстук комиссия мүчөлөрү ар бир өтүнмөгө коюп чыккан баллдарды кошкондон кийин конкурста эң көп балл алган 38 жеңүүчү аныкталды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси шилтемеде

Пикир

Оставить комментарий