• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Швейцария Кыргызстанда өнүктүрүү программасына $22 млн бөлүүгө даяр

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Швейцария Кыргызстанда өнүктүрүү программасына 22 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер президент Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырып жатып билдирди.

Белгилей кетсек, ишеним грамоталарын Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер, Монголияныкы Ганхуяг Содном жана Азербайжан Республикасыныкы Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырды.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин Садыр Жапаровдун ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

undefined

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер анын өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин белгиледи. Ал Садыр Жапаровду Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясында 2022-жыл «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүгүүсү» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышы менен ошондой эле парламенттик шайлоолордун өтүшү менен куттуктады.

"Оливье Бангертер Швейцариянын тыгыз өз ара кызматташууга жана Кыргызстанда өнүктүрүү программасына 22 млн АКШ долларын бөлүүгө даярдыгын белгиледи", - деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий