• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Швейцария менен Өзбекстан Каримованын акчасын кайтаруу шарттары боюнча макулдашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Швейцария өкмөтү Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган акчалай каражатты кайтаруу боюнча расмий Ташкент менен принципиалдуу келишимге жетишти.

Associated Press агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Швейцария өкмөтү 11-сентябрь күнү билдирди.

Эки өлкө кол койгон келишимге ылайык, швейцариялык эсептерден алынган 121 миллион долларга тете активдер Өзбекстан бийлигине кайтарылат. Ага чейин Ташкент бир катар талаптарды аткарышы керек.

Маселен, өзбек бийлиги акчаны алуу учурунда ачык-айкындуулукту камсыздап, аны элдин жашоосун жеңилдетүүгө арналган долбоорлорго жумшоого милдеттүү.

Маалыматка караганда, Гүлнара Каримовага таандык дагы 650 миллион швейцария франкы тоңдурулган бойдон турат. Бул каражат кайратыла турган болсо, дагы деле дал ушул талаптарды аткаруу керек болот.

Быйыл май айында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жана Юстиция министрлиги Франциядан Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин кайтарып алган. Мамлекеттик бюджетке которулган акча жалпы тартипте, социалдык долбоорлор үчүн колдонулары айтылган.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцариянын, АКШнын, Франциянын жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу ишин улантууда. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллары жөнүндө болуп жатат.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

Пикир

Оставить комментарий