• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Швейцария жана Ага Хан Фонду Нарын облусунун фермерлерине гуманитардык жардам көрсөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Швейцария жана Ага Хан Фонду Кыргызстандын Нарын облусунун фермерлерине гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, коронавирустун региондо жайылышынан келип чыккан социалдык-экономикалык коркунучтарга жооп берүү үчүн, Нарын облусунун фермерлерине жана ветеринарларына тоют уруктары жана жер семирткичтер, ошондой эле жеке коргонуу шаймандары берилди.

Бул гуманитардык жардам Швейцариянын өкмөтү жана Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фондунун колдоосу менен “Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы райондорундагы мал чарбасын тез арада колдоо” долбоорунун алкагында берилген.

Долбоор жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун 300дөн ашуун муктаж болгон фермердик чарбаларына колдоо көрсөтөт. 260 гектар аянтка тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жетиштүү болгон жана кризис маалыгда фермерлерди колдоо үчүн аларга 40 тонна арпа үрөнү, 8 тонна экспарцет үрөнү жана 10 тонна аммофос жер семирткичи берилди.

Нарын облусунда мал чарбачылыгы негизги киреше булагы болгондуктан, бул райондордун ветеринарлары коопсуз шарттарда иштөө үчүн жеке коргонуу шаймандары менен камсыз болушту. Алар 100 даана медициналык респиратордук маскасы, 700 жуп кол кап жана 100 даана коргоочу көз айнекти камтыйт. Бул жардам Ат-Башы жана Нарын райондорунун Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктары аркылуу жеткирилген.

COVID-19 пандемиясы фермерлердин социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди жана айдап-себүү маалындагы негизги маселе болуп аларга кечиктирбей колдоо көрсөтүү болду. Бул чаралар калктын кооптуу абалда калган адамдарына ишин улантууга, малдарын коопсуз эмдөөгө жана региондогу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Гуманитардык жардам жеткирүүдө бардык санитардык сактык чаралары камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий