• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Швейцария жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду медиктер үчүн жеке коргонуучу каражаттарды беришти

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Швейцария жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө Кыргызстандагы медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттарды беришти. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Швейцария өкмөтү БУУнун калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен өнөктөштүктө Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуучу каражаттарды беришти – бул колдоо 15 млн сом өлчөмүндө көрсөтүлдү.

Бардык жеке коргонуучу каражаттар Кыргызстандын Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы медициналык мобилдик бригадаларды жабдууга берилет.

Берилген гуманитардык жардамдар:

- Колкаптар - 100 коробка;
- Жеке халаттар - 3800;
- Комбинезондор - 3800;
- Респиратордук беткаптар (FFP2) - 3700;
- Хирургиялык беткаптар - 5000;
- Көз айнектер – 3800;
- Бетти коргоочу калкандар – 3800.

КРдагы Швейцариянын элчилиги жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду медициналык мекемелерге аталган түйшүктү азайтууга жардам берүү үчүн бардык санитардык-гигиеналык чараларды аткарууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий