• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Швейцария жана Кыргызстан жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча долбоордун II фазасын баштады

Ден соолук 0

Бишкек, 12.10.22./Кабар/. Ош шаарында швейцариялык “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоорунун II фазасынын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Иш-чарага КР министрлер кабинетинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Швейцариянын элчилигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

2018-жылдан бери долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыды. Эми ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында ишке ашырылат. Швейцария өкмөтү долбоордун экинчи фазасына 5 миллиондон ашык швейцариялык франк бөлгөн.

Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова өз сөзүндө Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар эмгекке жарамсыздыктын, ооруга чалдыгуунун жана калктын эрте өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат, ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруу өлкө үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

“Долбоор системалык деңгээлде иштеп, түндүк облустардагы үй-бүлөлүк медицина борборлорун компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу, материалдык-техникалык базасын бекемдегендиги бизди кубандырат жана бул саламаттыкты сактоо секторун санариптештирүүдө чоң салым болуп саналат. Ошондой эле, ЖЭО долбоорунун аркасында жергиликтүү башкаруу органдары (айыл окмөтү) калктын саламаттыгын чыңдоо маселелерине көбүрөөк көңүл бурууну үйрөнүшкөнүн белгилей кетүү маанилүү. Бул иш-чаралардын бардыгы саламаттык сактоо системасына жакшы интеграцияланган жана долбоор аяктагандан кийин бардык иш-чаралардын токтоп калуу коркунучу жок. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Ош, Жалал - Абад, Баткен облустарында, Ош шаарында жана Бишкек шаарында ушундай эле натыйжаларды күтөбүз. Өз кезегинизде министрлик долбоордун жаңы этабын ишке ашырууга активдүү катышат жана колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетким келет, ошондой эле облустардын губернаторлору, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана медициналык кызматкерлер колдойт деп ойлойм”, - деди министр Гулнара Баатырова.

Швейцариялык долбоор баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине тобокел топторго кирген же жугуштуу эмес оорулар менен жашаган калкка натыйжалуу, адилеттүү, сапаттуу жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле, долбоор калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу үчүн жугуштуу эмес оорулар жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоордун мурунку фазасы пациенттерди саламаттык сактоо системасына жөнөтүү тартибин оптималдаштырууга, үй-бүлөлүк медайымдардын ролун жогорулатууга, бюджеттик ачык-айкындуулук процессин киргизүүгө, электрондук саламаттык сактоо системасын жакшыртууга, жана ошондой эле медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга жардам берди.

ЖЭО тууралуу маалымат: Жугуштуу эмес оорулар – бул жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана диабет сыяктуу, жай өөрчүгөн өнөкөт оорулар. Негизинен, ЖЭО өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 83% түзөт, ал эми электрондук саламаттыкты сактоо борборунун 2021-жылдагы маалыматтары жүрөк-кан тамыр оорулары (50,4%) жана рак (12%) ЖЭОнун өлүмүнүн эң көп кездешкен эки себеби экендигин көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий