• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Швейцарияда эң узун асма көпүрө ачылды

Дүйнө 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Швейцариянын Церматт шаарында дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө ачылды,- деп жазат Би-би-си.

“Европалык” атын алган асма көпүрө 85 метр бийиктикте орун алган.

Церматт шаарынын туризм кеңеши аталган көпүрөнү дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө деп ишендирүүдө. Ал эми бийиктиги боюнча экинчи орунда турат.

Кеңештин билдиришинче, көпүрөнү кармап турган аркандын салмагы 8 тонна. Ал эми көпүрөнүн өзү эки жакка чайпалбай тургандай жабдыктар менен жабдылган.

Көпүрө-Грэхен жана Церментт шаарларынын ортосун бириктирип, туризмдин бир бөлүгү деп эсептелинет. Ал Италияга жакын жайгашып, үстүнөн Маттрехон шаары көрүнүп турат.

Пикир

Оставить комментарий