• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Швейцарияда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Швейцарияда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Swissinfo платформасы билдиргенин Известия жазып чыкты.

Коронавирустун жаңы түрүнөн 74 жаштагы кемпир көз жумган. Ал 3-марттан тарта ооруканада жаткан.

Коомдук саламаттык сактоо боюнча федералдык кызматынын (FOPH) маалыматында, бүгүнкү күндө Швейцарияда аталган дартты 58 адам жуктурган.

Швейцарияда 2 миң  670 адам коронавируска каршы текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын анализдери терс көрсөткүчтү берген.

Эскерте кетсек, дүйнөдө аталган илдетти 93 миң 90 жаран жуктурган. Алардын 80 миң 422си Кытайда байкалган. Кытайда коронавирустан 2 миң 984 адам көз жумган, дүйнөдө 214ү каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий