• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Швейцарияда кыргыз боз үйү орнотулду

Коом 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети Швейцарияда улуттук боз үйдү орнотту.

Кыргыз боз үйү - Кыргызстандын Эл аралык олимпиада комитетине жана Лозанна (Швейцария) шаарынын мэриясына белеги.

Жасалгасы менен боз үйдү Лозаннанын борборуна, 30га жакын эл аралык спорттук уюмдар жана федерациялар жайгашкан эл аралык спорт үйүнүн аймагына орнотушту.

Салттык боз үйдү расмий тапшыруу аземи 20-сентябрда болду.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана шаардын вице-мэри Оскар Тосато КРнын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримовго баалуу белеги үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Алар Кыргызстандын элинин жашоо образын жана маданиятын ар кандай маданий иш-чараларда көрсөтүү үчүн боз үйдүн дүйнөнүн олимпиадалык борборунда сакталышынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Боз үй III Кышкы жаштар олимпиада оюндары-2020 учурунда тигилип турары айтылды.

Өз кезегинде КРнын Улуттук олимпиада комитетинин делегациясы боз үйдүн жана аны жыйноонун өзгөчөлүктөрү, салттуу кыргыз ырым-жырымдары тууралуу айтып берип, конокторду улуттук тамак-аштар менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий