• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Швейцариядагы кыргызстандыктар КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Швейцариядагы кыргызстандыктар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилешти. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын башкы майрамынын салтанаты салт боюнча улуттук мүнөздө өттү. "Кыргызстандыктар улуттук кийимдерди кийип, салттуу майрамдык тамактар даярдалды жана улуттук оюндар өткөрүлдү. Швейцариядагы дипломаттар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата биргелешкен майрамды даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкан мекендештерге ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий