• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Швейцариялыктарга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги «Pamir Bridges» (“Памир көпүрөсү”) кайрымдуулук уюмунун ишмердигине арналган “Памир кечелери” маданий иш-чарасына катышты.

«Pamir Bridges» кайрымдуулук уюму «CAMP Ala Too» коомдук уюму жана Кыргызстандын алыскы аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бийик тоолуу жерлерде мал жайуу шарттарын жеңилдетүү максатында дарыяларга көпүрөлөрдү куруу менен алектенет.

Иш-чаранын жүрүшүңдө КРнын Швейцариядагы элчилиги катышуучуларга Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана салттары, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Жолугушуунун алкагында «Pamir Bridges» уюмунун ишмердиги жана Кыргызстандын туристтик тармагы тууралуу кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Памир кечелеринде экотуризм тармагында иштеген бир катар кыргыз туристтик компанияларынын маалыматтары сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий