• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Швейцариянын элчиси: Биздин өлкөлөрдүн бири-бирин түшүнүүгө жардам берген жалпы белгилери бар

Саясат 0

Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, бул жылдар аралыгында мамлекеттер эмнеге жетишкендиги, мамилелердин абалы жана келечеги, Кыргызстан тууралуу өзүнүн таасирлери жөнүндө ой-пикири менен бөлүштү.

Элчи мырза, алгач сизди бүгүнкү белгиленип жаткан маараке – Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз. Айтсаңыз, бүгүнкү күндө кыргыз-швейцар мамилелери кандай деңгээлде жана кызматташтыктын ыргагын кандайча мүнөздөйт элеңиз?

Биздин мамилелер жакшы, ал эми кызматташтыктын ыргагы конструктивдүү десем болот. Швейцария менен Кыргызстандын бири-бирин түшүнүүгө жардам берген жалпы белгилери бар. Алардын бири – биз тоолуу өлкөлөрбүз жана бул көрүнүш көп жагынан коошуп турган маданиятыбызды калыптандырды деп ойлойм.

Кыргызстандын көп райондорундай эле Швейцариянын бир топ бөлүгүндө да чабандар малын жайкысын тоого, кышында жайытка алып чыгышат. Мындай жашоо калыбы адамдарда бекем эркти тарбиялайт. Ошондой эле биздин өлкөлөрүбүз көп түрдүүлүгү менен айырмаланып турат; мен өзүм тоолуу жерде өскөн эмесмин. Женева көлүнүн түндүк жээги көптөгөн мөмө-жемиштер, негизинен жүзүм өстүрүлгөн жер болуп саналат. Студент кезимде кээде эс алуу күндөрүмдү ошол жерде өткөрүп, түшүм терген учурлар да болду, бул чындыгында оңой жумуш эмес. Декабрь айында Ысык-Көл облусуна барганымда алма өстүргөн дыйкан менен жолугуп калдым. Бул өндүрүштүн ландшафты жана кыйынчылыктары мага ошол жеке тажрыйбамды эске салды. Бир гана айырмасы бар – алманы тик туруп терет эмессиңби жана бул адамдын белине бир топ эле жеңил болот. Мен муну башымдан өткөн жеке мисал катары келтирдим, бирок Швейцарияда менен Кыргызстанда жашаган адамдарда ушундай тажрыйба болушу мүмкүн деп ойлойм.

Ошондой эле Кыргызстан менен Швейцария ар тараптан бири-бирин колдоп келүүдө. Айталы, Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинде Швейцария Кыргызстандын, Борбор Азия менен Чыгыш Европанын бир катар башка өлкөлөрүнүн атынан чыгат. Мындай жагдай айрым маселелер боюнча топтун мүчөлөрүнүн позициясы жана пикири өз-өзүнчө алынганга караганда көбүрөөк күчкө жана салмакка ээ болушуна өбөлгө түзөт.

Бириккен Улуттар Уюмундагы мүчөлүк маанисинен алып караганда, Швейцария Глобалдык тоо өнөктөштүгүнүн бир бөлүгү жана Кыргыз Республикасы төрагалык кылган “Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунун” жигердүү мүчөсү болуп саналат. Бул биздин кызматташтыгыбыз өлкөлөрүбүз үчүн өз ара пайдалуу экендигинин дагы бир далили.

Эгемендүүлүк алгандан бери Швейцариянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамынын жалпы көлөмү 450 миллион швейцар франкынан ашкан экен. Кайсы артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуу өнүгүп жатат жана Швейцариянын колдоосу менен каржыланган долбоорлордун жыйынтыгы кандай болууда?

Швейцариянын колдоосу менен кыргызстандык кызмат көрсөтүүчүлөр инфраструктура менен камсыздалды, алар азыр аны өздөрү тейлеп, иштетип жатышат, бул жагдай жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууда. Элчиликтин эсеби боюнча, 1,5 миллион тургун, башкача айтканда, өлкөдөгү ар бир төртүнчү адам Швейцария колдоп берген бардык долбоорлордун аркасында сапаттуу ичүүчү суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жете алышты.

Кызматыма жаңы киришкен маалда мен ишке ашырылып жаткан бир долбоордо болдум – бул долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы суу тазалоочу станцияга чейин жеткен саркынды суулар үчүн жаңы түтүктөр тартылып жаткан. Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) насыясынын жана Швейцария берген гранттын эсебинен каржыланат. Долбоор инфраструктураны гана жакшыртпастан, “Сууканалдын” кызматкерлеринин башкаруу жөндөмүн да күчтөндүрөт. Биз буга чейин башка коммуналдык кызмат көрсөтүүчүлөр менен ушундай долбоорлорду ишке ашырганбыз. Биздин колдообуздун жыйынтыктарын мен өзүм Каракол шаарында да көрдүм. Ошондой эле биздин жардамыбыз жана көмөгүбүз Бишкек, Ош (саркынды сууну тазалоочу жаңыланган станциясы менен), Жалал-Абад, Кант, азыр эми Нарын сыяктуу башка шаарларга да пайда алып келди.

Швейцариянын жардамын глобалдык деңгээлде көрүүгө мүмкүнчүлүк берген, биздин кызматташтыгыбыздын дагы бир орчундуу багыттары – бул чакан жана орто бизнести колдоо. Алардын ичинен бери дегенде 3500гө жакыны Швейцария каржылаган же ишке ашырган долбоорлордун алкагында тигил же бул түрүндө техникалык жардам алышкан. Эгерде бул компанияларда иштеп кеткен же иштеп жаткан кызматкерлердин санын эсепке ала турган болсок, анда абдан көп сандар жөнүндө сөз болууда. Алардын басымдуу бөлүгү көп жылдардан бери ишин улантып, калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүп берип, мындан улам үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жакында эле мен “Дордой” базарына барганда тигүү тармагындагы ушундай эки компанияда болдум. Өндүрүштү чакан көлөмдөн баштаган бул компаниялар өнүгүп отуруп, Россиянын базарында өз ордун таап кеткени таасирлендирет. Бул компаниялардын бири ишин айына 300 буюм чыгаруу менен баштаган, эми алардын 2022-жылга койгон максаты – айына 20 000ге жакын кийим тигүү. Аларга ийгилик жана бакубатчылык каалайм!

Быйыл Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда 2022-2025-жылдарга жаңы Кызматташтык программасы ишке ашырыла баштайт. Бул программа менен Сиз 2021-жылдын октябрында тааныштырган элеңиз. Ушул Программада кызматташуунун кандай артыкчылыктуу багыттары каралган?

Кызматташтыктын жаңы Программасы Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн бирдей болгон үч багытты көздөйт. Биринчи багыты – суу, инфраструктура жана климаттын өзгөрүшү. Бул багыттын регионалдык компоненти бар: Сыр-Дарыянын, Аму-Дарыянын ири дарыялары жана алардын куймалары Борбор Азия өлкөлөрүн байланыштырып турат. Кыргызстанда акыркы жылдары кургакчылыктан байкап жатканыбыздай, климаттын өзгөрүшү чек арада эле бүтпөй турган чоң көйгөй. Швейцария Жашыл климат фондуна маанилүү салым кошту, бул фонд Кыргызстан үчүн да жеткиликтүү. Биз бир нече бассейндерде, атап айтканда, Чу жана Талас дарыяларынын бассейндеринде суу ресурстарын башкаруунун үстүнөн иш алып бардык. Бул ошондой эле Казакстанда болуп жаткандарга да байланыштуу. Биз өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы инфраструктураны реконструкциялоону, мисалы, Ат-Башы гидроэлектрстанциясын калыбына келтирүү иштерин колдоп бердик.

Экинчи багыт – инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүү. Бул жаатта буга чейин бир топ ийгиликтерге жеткенибиз менен, биз жардам бере ала турган багыттар дагы да бар. Тактап айтканда, чакан жана орто ишканалар ишин ийгиликтүү улантып, жалпы Кыргызстанга пайда алып келиши үчүн аларга зарыл болгон каражаттарды берип, шарттарды түзүп, Швейцария колдоо көрсөтүүнү уланта берет.

Үчүнчү багыт – мамлекеттик башкаруу, адам укуктары жана кызмат көрсөтүү. Биз жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуу механизмдерине колдоо көрсөттүк. Джаз фестивалы өңдүү маданий иш-чараларды өткөрүүгө да колдоо көрсөтүп келе жатабыз. Айрыкча, жакында өткөн парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясына жана ЕККУнун байкоочулар миссиясына колдоо көрсөткөнүбүз менен сыймыктанам. Бирок Швейцариянын колдоосу белгилүү болгон негизги багыт – бул саламаттык сактоо тармагы. Биз Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерин кесиптик жактан даярдоонун үстүнөн ишибизди уланта бермекчибиз. Бул адамдар Кыргызстандын ооруканаларында жана бейтапканаларында медициналык тейлөөнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизишет эмеспи.

Жалпысынан 2025-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы долбоорлорду колдоо үчүн Кыргызстанга жыл сайын 20 миллионго жакын АКШ долларын бөлүү пландалууда.

Биздин регион тууралуу айта турган болсок, Швейцариянын Борбор Азиядагы тышкы саясаты кандай? Сиздин баамыңызда, кыргыз-швейцар мамилелерин өнүктүрүүнүн эң артыкчылыктуу багыттары кайсылар?

Эл аралык валюта фондундагы (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктагы (ДБ), Бреттон-Вудс уюмдарынын топторунда жалпы мүчөлүк Швейцариянын Борбор Азиядагы жана анын чегиндеги өлкөлөр менен мамилелеринин өтө маанилүү өзөгү болуп саналат. 1992-жылы Кыргызстан биринчилерден болуп Швейцария башында турган ЭВФтин жана Дүйнөлүк банктын добуш берүү тобуна кошулган. Мындан тышкары, Швейцария Азербайжандын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Сербиянын жана Польшанын кызыкчылыктарын көздөйт. Сизге маалым болгондой, ЭВФ жана Дүйнөлүк банк эл аралык финансы чөйрөсүндөгү негизги институттар болуп саналат. Эки институт тең Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы өнүгүүгө жана өткөөл процесстерге олуттуу финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүштү.

Швейцария ошондой эле Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) тобун жетектейт, анын курамына Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Акыры, Швейцария Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкында Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Молдованын, Черногориянын, Сербиянын, Украинанын жана Лихтенштейндин кызыкчылыктарын коргоп келүүдө. Швейцария бул топтордун мүчөлөрү көрсөткөн ишеними үчүн аларга ыраазычылыгын билдирет.

Эл аралык институттардын алкагындагы мамилелерибизден тышкары, Швейцария эки тараптуу кызматташтык программаларынын алкагында Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга кайтарымсыз негизде каражат бөлүп келүүдө. Жалпы жонунан алганда, Швейцария 2022-2025-жылдар аралыгында бул өлкөлөргө 233 миллион швейцар франкын бөлүп берүүнү пландаштырууда. Жогоруда айтылгандай, суу, инфраструктура жана климаттын өзгөрүшү; мамлекеттик башкаруу, адам укуктары жана кызматтарды көрсөтүү; инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүү, анын ичинде коопсуз жана квалификациялуу эмгек миграциясын өнүктүрүү негизги артыкчылыктар болуп саналат.

Ошентип, Швейцария бул чөлкөмдө кош ролду аткарууда: ал донор өлкө да болуп, ошол эле учурда ири эл аралык финансы институттарында кабыл алуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоп да келүүдө. Мындай ыкма келечекте да колдонула бермекчи.

Өзүңүзгө маалым болгондой, Кыргызстан былтыр эгемендигинин 30 жылдыгын белгиледи. Кыргызстан кандай жетишкендиктери менен сыймыктана алат деп ойлойсуз?

Жаңы эле элчи катары бул өлкөгө келгенде бул кызматтагы экинчи күнүм Кыргызстандын Улуттук күнүнө туш келди. Мындай тарыхый иш-чарага катышып, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө мен үчүн уникалдуу тажрыйба болду. Мен силердин кооз өлкөңөргө келгенден баштап, көп адамдар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жакшы сапаты жөнүндө айтып бергени катуу таасирлендирди. Биз биргеликте көптөгөн жыйынтыктарга жетише алдык жана ортобуздагы достук мамилени сактап келатабыз. Биз эл аралык аренада бири-бирибизди колдоп келгенбиз жана муну мындан ары да уланта беребиз. Мен ошондой эле ар кандай министрликтер жана уюмдар менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор боюнча мыкты кызматташтыкка күбө болгонума да кубанычтамын жана жемиштүү кызматташуубузду уланта берүүгө болгон күчүмдү жумшайм.

Пикир

Оставить комментарий