• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.

2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен, беш премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.

Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий