• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Швецияда жаш кызын вегетариан болууга мажбурлаган ата-эне үч айга камалды

Дүйнө 0

Бишкек, 24.05.19 /Кабар/. Швециянын Гетеборг шаарында сот жаш кызын вегетариан болууга мажбурлаган ата-энени үч айга камакка алынды. Бул тууралуу Dagens Nyheter басылмасы кабарлады.

Бул үй-бүлө тууралуу полиция 1,5 жаштагы кыз ооруп, ооруканага түшкөндө билип калды. Наристе өз курагы үчүн 6 кг гана чыгат, нормасы боюнча 9 кг болуш керек эле.

Медиктердин маалыматы боюнча, кичинекей кыздын ден-соолугу начарлап, өтө арыктап, витаминдер жетишпейт.

Ал эми наристенин ата-энеси бөбөк эмчек эмип, жашылчалар менен тамактанчу деп айткан.

Азыркы учурда баланын ден-соолугу жакшы.

Пикир

Оставить комментарий