• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Швециянын ТИМ башчысы: Палестинанын көз карандысыздыгын тааныганыбызга сыймыктанам

Дүйнө 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Швециянын тышкы иштер министри Марго Вальстрем швед бийлигинин 2014-жылы Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таануу боюнча кабыл алган чечими менен сыймыктанарын айтты. Бул тууралуу ал SVT телеканалына берген маегинде билдирди.

" Стокгольм 2014-жылы Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таануу боюнча чечим кабыл алгандан кийин көптөгөн өлкөлөр бизден үлгү алышты. Бул биз Палестинаны өз убагында тааныганыбызды көрсөтүп турат. Швеция Палестинага колдоо көрсөтүүнү уланта берет", - деди Марго Вальстрем.

Вальстрем Израилдин Стокгольмдун чечимине жооп катары жасаган реакциясын эскертип, Швеция менен Израиль эки өлкөнүн ортосунда пайда болгон маселелерди чечүү үчүн диалог жүргүзүүлөрдү улантууда деп билдирди.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Швециянын бул аракетин "кайраттуу" жана "тарыхый" деп мүнөздөдү, деп жазат Anadolu агенттиги.

Пикир

Оставить комментарий