• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шыбы түшүп калган №31 бала бакча бузулбайт, капиталдык оңдоодон өткөрүлөт - мэрия

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Шаардагы №31 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жетекчилиги астында бала бакчаны андан ары колдонуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

“Сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун корутундусуна ылайык, бала бакча бузулбайт, аны капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Бала бакчаны калыбына келтирүү үстүбүздөгү жылы башталат. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилет”, - деп айтылат муниципалитеттин билдирүүсүндө.

Үстүбүздөгү жылы шаардык мектептерди жана бала бакчаларды капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 105 млн сом каралган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 25-ноябрынан 26-ноябрына караган түнү №31 бала бакчанын шыбы түшүп калган. Ичинде эч ким болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий