• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шыкмаматовдун иши Биринчи май райондук сотунда калды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту карамай болду. Мындай чечимди КР Жогорку соту кабыл алды.

Эскерте кетсек, айыпталуучунун жактоочулары депутаттын ишин Свердлов райондук соту кароосун өтүнүп, Жогорку инстанцияга кайрылган. Анын себебин айыпталуучу тарап, иш Свердлов районунда болгону менен түшүндүргөн.

Мурдараак, биринчи эки инстанция Шыкмаматовдун жактоочуларынын ишти Биринчи май райондук сотунан Свердлов сотуна которуу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты А. Шыкмаматов коррупция беренеси боюнча айыпталууда.

2017-жылдын 17-февралында Башкы прокурор тарабынан парламент депутаты А. Шыкмаматовго Кылмыш кодексиннин 303 - беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий