• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шыкмаматовдун ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутат болуп келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрда БШК “Ата-Мекен” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгонуна байланыштуу КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын “Ата-Мекен” саясый партиясынан бош калган мандатын Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий