• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шымкент — Ташкент багыты боюнча автобус каттамы ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. 5-январдан тарта Казакстандын Шымкент шаары менен Өзбекстандын борбору Ташкенттин ортосунда жүргүнчү ташыган автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу Казакстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бүгүн ишке кирген Шымкент — Ташкент каттамы күндө таңкы 6дан кечки 8ге чейин саат сайын аткарылып турат.

Техникалык токтоолорду эсепке албаганда каттамдын узактыгы төрт саатка жакын убакытты түзөт. Автобустар менен жүргүнчүлөр чек ара жана бажы көзөмөлдөрүнөн кезексиз өтөт деп күтүлүүдө.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жүргүнчү автобустар акыркы 17 жылдан бери каттабай келген. Жыл соңуна чейин эки өлкөнүн башка ири шаарларынын ортосунда дагы автобус каттамдарын ачуу пландалууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий