• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шымкентте кармалган 38 кыргызстандык бошотулду — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча маалыматты тез арада коомчулукка жеткирүү максатында төмөндөгүлөрдү билдирет.

Казакстандагы Кыргызстандын жарандарынын баш аламандыктарга катышты деп шектелип, кармалышы боюнча:

- Кыргызстандык Викрам Рузахунов Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу Назарали Ариповдун катышуусунда бекитилген жол-жоболордон кийин бошотулду;

- Кыргызстандын жараны Юбуров Закирдин жана башка Кыргызстандын жарандары башка кармалгандыгы боюнча азыркы кезде консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, тактап айтканда, казакстан тарабына бул жарандардын кармалгандыгы жана атайын текшерүүчү жол-жоболордон кийин бошотууну өтүнгөн нота жөнөтүлдү;

- Шымкент шаарында Кыргызстандын 38 жаранынын кармалышы боюнча Казакстан тарабы текшерүү иш-чараларынын алкагында тешерүү жүрүп, бошотулган.

Казакстанда баш аламандык учурунда каза болгон Кыргызстандын жарандары боюнча:

- 2022-жылдын 7-январында Алматы шаарында Кыргызстандын жараны 1989-жылы туулган А.М. каза болгондугу тастыкталган. Өлкөнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу туугандары менен байланышкан, Казакстандын укук коргоо органдары анын өлүмү боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө;

- Кыргызстандын башка жарандарынын массалык баш аламандыктарда каза болгон фактылары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий