• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Си Цзиньпин Атамбаевди жана бүтүн Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президентттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Эгемендүүлүктүн 26 жылында Сиздердин өлкө мамлекеттик курулушта зор ийгиликтерге жетишти, экономика ыкчам өнүгүп, элдин жашоо деңгээли жогорулап жатат, эл аралык жана аймактык деңгээлде Кыргызстандын таасири өсүп жатат, буга достук мамиледеги коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары Кытай чын дилинен кубанычта.

Жыл башынан бери биз Сиз менен эки ирет жолугуштук, алардын жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө жана бардык тармактарда кызматташууга байланыштуу пикир алмашып, бир катар маанилүү келишимдерге жетише алдык. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жаңы денгээлге жеткирүү үчүн Сиз менен бирге бардык күч аракетимди жумшоого даярмын”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин достук мамиледеги Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү, ал эми элине - бакыт-таалай жана эсенчилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий